> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкек» ЭЭАда 13.8 млн сомдук мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен
- URL: https://im.kg/koom/2024/02/06/bishkiek-eeada-13-8-mln-somduk-mulk-myizamsyz-satylyp-kietkien/
- Published: 2024-02-06T05:30:10.000Z
- Updated: 2024-02-06T05:30:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.**

Текшерүүдө, 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аянты 428.8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар «И-м Т-ко» ЖЧКна 40 жылга ижарага берилип, «Бишкек» ЭЭАнын жана аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүшүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттарды «F-M» ЖЧКсына жеке менчикке сатып жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми, 2021-жылы «Кадастр» МИнын Бишкек филиалынын кызматкерлери, пайда көрүү максатында «И-м Т-ко» ЖЧК менен «F-M» ЖЧКсы ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдерин каттоодон өткөрүшүп, мамлекеттик мүлктү «F-M» ЖЧКсынын менчик укугу катары каттап беришкен.

Натыйжада, «И-м Т-о" ЖЧКнын, «F-M» ЖЧКнын, «Кадастрдын» кызматкерлеринин, ошондой эле «Бишкек» ЭЭАнын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 13 млн 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилди.