«Бишкек» ЭЭАда 13.8 млн сомдук мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүдө, 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аянты 428.8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар «И-м Т-ко» ЖЧКна 40 жылга ижарага берилип, «Бишкек» ЭЭАнын жана аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүшүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттарды «F-M» ЖЧКсына жеке менчикке сатып жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми, 2021-жылы «Кадастр» МИнын Бишкек филиалынын кызматкерлери, пайда көрүү максатында «И-м Т-ко» ЖЧК менен «F-M»  ЖЧКсы ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдерин каттоодон өткөрүшүп, мамлекеттик мүлктү «F-M» ЖЧКсынын менчик укугу катары каттап беришкен.

Натыйжада, «И-м Т-о" ЖЧКнын, «F-M»  ЖЧКнын, «Кадастрдын» кызматкерлеринин, ошондой эле «Бишкек» ЭЭАнын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 13 млн 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилди.