Өкмөт Жалал-Абаддагы түзөтүү мекемелерин бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы бир катар түзөтүү мекемелерин бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, Жапаров Жалал-Абаддагы Юстиция министрлиги караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы №10 түзөтүү абагынын жана кайтаруу жана конвой башкармалыгынын №5 батальондун имараттарын бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аталган түзөтүү мекемелеринин ордуна административдик имарат курулуп, шаардыктар үчүн сейил бак, музей, оюн зоок борбору салынат.

Минкаб башчысы эски имараттарды бузуу иштерин тездетүүнү тапшырды.