Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, объектти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Учурда Бишкек-Ош жолунда тыгындар көп. Жаңы айланма жол кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана жол тыгынын бир топ азайтат, ошондой эле жол коопсуздугун жакшыртат.

Жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт. Долбоор ошондой эле бир нече көпүрөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү курууну камтыйт. Курулуш иштерин 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясына курулуп жаткан дамбанын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун сметалык баасы 731 млн сомду түзөт. Дамбанын узундугу 4551 м. Курулуш 2024-жылдын март айында бүтүшү күтүлүүдө.

Баш-Дөбө жана Кароол айыл аймактарына жакын жайгашкан бул аймакта заманбап турак жай комплекстерин долбоорлоо пландалууда.

Министрлер Кабинетинин башчысы бул комплекстерди куруунун долбоорун сапаттуу даярдоону тапшырды.