2024-жылга «санариптик экономикага» 600 млн сом каралды

2024-жылга Кыргызстандын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Санариптик экономикага» 600 млн сом суммасында каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

2023-жылы «Санариптик экономикага» Кыргызстандын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 500 млн сом суммасында каражат каралган.

Бөлүнгөн каражаттар жаңы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, колдонуудагы маалыматтык системаларды модернизациялоого, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборун курууга багытталган.