Бажыда «автотетиктер» катары алып келинген унаалар аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысынында жеңил автоунаа каражаттарын бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен ташып келүүнүн жөнгө салынган схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө «автотетиктер» катары жүк жөнүндө жалган маалыматтарды берүү менен КРнын аймагына автоунааларды бөлүнгөн түрдө алып келүү жолу менен бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактылары аныкталган. Ошол эле учурда мурда ташылып келинген автотранспорттун тетиктери Чүй облусунун техникалык тейлөө станцияларында андан ары чогултуу үчүн ар кайсы адамдарга ар кайсы убакта алынып келинген.

Натыйжада төмөндөгүлөр кармалган:

·      жаран «С.А.А.» башкаруусундагы 2007-жылы чыгарылган BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1.4 млн сомдон ашык;

·      жаран «У.С.Т.» башкаруусундагы 2001-жылы чыгарылган Mercedes Benz Е220 төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 750 миң сомдон ашык;

·      жаран «С.Б.Т.» башкаруусундагы 2007-жылы чыгарылган Subaru Outback   бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммасы 865 миң сомдон ашык  түзгөн.