Салык кызматынын лотереясы боюнча алдын ала жыйынтыгы чыкты

2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 1 244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Лотереянын шарттарына ылайык, утуш аяктагандан кийин ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшерет. Эгерде, жеңүүчү тарабынан мыйзам бузуу фактысы аныкталса, утушу жокко чыгарылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 21 катышуучу лотереянын талаптарын бузгандыгы аныкталган. Катышуучулар кызматкер катары катталган уюмдун контролдук-кассалык чектерин сканерден өткөргөндүгүнө байланыштуу, утуштары жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөрүлүп, жыйынтыгында 1244 баалуу байгенин, анын ичинде 10 батирдин, 11 электромобилдин жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.