26 миңден ашуун кыргызстандык Улуу Британияда иштөө үчүн арыз берген

Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды Hops Labor Ltd оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Жети сааттык каттоодо 26 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 735 адам оператор тарабынан  биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн.

Тандап алуунун биринчи этабы анкетаны толтуруунун тууралыгын, gmail дарегинин болушун жана "HopsLaborLtd" оператору тарабынан аныкталган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды.

Тандоонун биринчи этабынан өткөн жарандардын тизмесин сайттан көрсө болот.