Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү 800 сомго көбөйтүлдү

Аксы окуяларында жабыркагандарга жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Такталгандай, министрлер кабинетинин токтому менен 2024-жылдын 5-февралынан тартып Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-март окуяларында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү.

Жөлөкпулдун өлчөмү  3700 сомдон 4500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөкпулдун бул түрүн алуучуларга, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт.