Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

2024-жылдын 12-февралында Студенттер үчүн шаардык дарылоо-профилактикалык бейтапканасында дагы бир мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул 66-мамлекеттик дарыкана, жакынкы күндөрү Ош шаарында жана Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда жана жыл аягына чейин ушул темп менен жалпы дарыканалардын санын 100гө жеткирүүнү пландап жатабыз. Дарыканаларда дары-дармек каражаттарынын ассортименти 1 500 фирмалык аталышты түзөт. Жеткиликтүү баа, түрдүү ассортимент жана мындай дарыканалардын кеңири жайылтылышынын аркасында жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык жардамдын сапатын жана өлкөдө ден соолуктун жалпы деңгээлин жогорулатуу», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

«Эл Аман» дарыканасы маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дары-дармектерди өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алышат дегенди билдирет.

Мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.