Чолпон-Атанын экс-мэри Көлбаевге 10 млн сомдук жер тилкесин мыйзамсыз берген – УКМК

Уюшкан кылмыштуу топтун  лидери маркум Камчы Асанбекке Чолпон-Атадагы 10 млн сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, Чолпон-Атанын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган.

Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. 1 айга камакка алынды.

Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.