Алтынбек Эргешов «Нарын – реновация» долбоорун демилгеледи

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалын, инфратүзүмүн жакшыртуу максатында «Нарын – реновация» аталышындагы креативдүү долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, учурда каражат булактарын табуу аракети жүрүп жатат.

Долбоор 10 бөлүктөн турат:

·         Нарын шаарынын Сейил-Булак аймагына авто көпүрө куруу долбоору. (Көпүрө курулса Нарын шаарынын, Нарын районунун калктуу конуштарынын аянты 311 гектарга кеңейет)

·         Москва чөлкөмүнөн кире беришине жаңы автобекет куруу;

·         эски автобекеттин имаратына балдардын заманбап эс алуу борборун уюштуруу;

·         «Городок» аймагына 9 кабаттуу, 6 блок «Теңир Тоо сити» турак-жай комплексин куруу (1-2-кабатына административдик жана коммерциялык имараттар жайгашат. 20 калкты тейлөө мекемесин ушул имаратка жайгаштыруу менен элге ыңгайлуу маүмкүнчүлүк түзүлөт);

·         РТС аймагына ипотекалык турак-жай куруу;

·         Москва чөлкөмүндөгү сейил бак реконструкцияланып, Панорамалык аттракцион (колесо обозрения) коюлат;

·         Нарын дарыясына «Айнек асма көпүрө» салуу (Бул туристтер үчүн ыңгайлуу жер болуу менен бирге жана шаардын бюджетин толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт);

·         Инновациялык креативдүү демилгелер борборун (ЦИКИ) куруу (Муну менен китепкана, музей, кинодирекция, телеберүү ж.б маданият мекемелерин заманбап курулган имаратка жайгаштырылып, ыңгайлуу шарт түзүп берилет жана Тянь-Шань, Р.Өмүрзакова парктары реконструкцияланат);

·         Ленин көчөсүндөгү турак жайлардын фасаддарын бирдей типке келтирүү;

·         жарандык коргоонун облустук штабын  уюштуруу.