Баткенде 500 орундуу мектеп курулууда – баасы 146 млн сом

Бүгүн 13-февралда Баткендин мэри Имамназар Бурканов Базар-Башы аймактык башкармалыгындагы Сыдык Айтматов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышышты. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 500 окуучуга ылайыкташып курулуп жаткан мектеп, республикалык бюджеттен каржыланган. Долбоордун жалпы суммасы 146 млн сом.

Мектеп баардык талаптарга жооп берип, заманбап типте салынууда. Куруучулар 2024-жылдын сентябрь айына пайдаланууга берүүнү планга койгон.