Нарынга жаңы автобекет курулат

Нарынга жаңы автобекет курулат. Бул тууралуу облустун администрациясы билдирди.

Такталгандай, курулуш «Нарын – реновация» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Жаңы автобекет Нарын шаарынын Москва чөлкөмүнөн кире беришине, «Жеңиш» паркынын чыгыш тарабына курулат.

Ал эми эски автобекет толугу менен реконструкцияланып, балдар үчүн заманбап эс алуу борборуна айланат.

Учурда долбоорду ишке ашыруу аракети көрүлүүдө.