> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте курулуш объектилеринде рейддер күчөтүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2024/02/14/bishkiektie-kurulush-obiektilierindie-rieiddier-kuchotuldu/
- Published: 2024-02-14T04:17:54.000Z
- Updated: 2024-02-14T04:17:54.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

Бишкек шаарында муниципалдык инспекция курулуш объектилеринде рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө 7 ишканада мыйзам бузуулар аныкталган.

Алсак, чектеш аймакта тазалыкты сактабагандыгы үчүн төмөнкү ишканаларга 13 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү:

· Айни көч. №73а дарегиндеги «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы ;

· Лермонтов көчөсүндө жайгашкан «Браво Билд» ЖЧКсы;

· Л.Толстой көчөсү №36 дарегинде жайгашкан «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы ;

· Курчатова №46 дарегинде жайгашкан «Премиум А-Групп» ЖЧКсы;

· Сагынбай манасчы №168 дарегинде жайгашкан «Ригель» ЖЧКсы;

· Целинная № 21 дарегинде жайгашкан «Аманат Строй» ЖЧКсы.

Өндүрүштүк калдыктарды муниципалдык аймакка ташып чыгуу үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин негизинде Эркиндик бульвары, №21 дарегинде жайгашкан «СК Орион» ЖЧКсына 23 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Муниципалитеттин макулдугусуз, өз алдынча топурак казгандыгы үчүн «Капито Байтик Баатыр» ЖЧКсына карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин негизинде, 17 миң сомго протокол түзүлдү.

Ушул эле берененин негизинде Безымянная көчөсү, 4/4 дарегиндеги «Фиш Ритейл Сервис» ЖЧКсына жол бетин бузуп, булгагандыгы үчүн 17 миң сомго протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, текшерүү Ахунбаев көчөсү, 48/1 дарегиндеги «Чанган» каржы компаниясына жана жеке чарбалык субъекттерге чектеш аймактарды жашылдандыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/428378674_773480478161142_7485738031478525554_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/428361138_773480461494477_5303446834476638828_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/428416832_773480464827810_7924907457261020178_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/428392841_773480381494485_6785638488309873704_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/428362462_773480361494487_4695842227465323787_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/428399835_773480368161153_7606383368591881857_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/428412095_773480284827828_3675211184584512901_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/02/427989741_773480288161161_6857138243785356299_n.jpg)