Бишкекте курулуш объектилеринде рейддер күчөтүлдү

Бишкек шаарында муниципалдык инспекция курулуш объектилеринде рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө 7 ишканада мыйзам бузуулар аныкталган.

Алсак, чектеш аймакта тазалыкты сактабагандыгы үчүн төмөнкү ишканаларга 13 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлдү:

·         Айни көч. №73а дарегиндеги «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы ;

·         Лермонтов көчөсүндө жайгашкан «Браво Билд» ЖЧКсы;

·         Л.Толстой көчөсү  №36 дарегинде жайгашкан «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы ;

·         Курчатова №46 дарегинде жайгашкан «Премиум А-Групп» ЖЧКсы;

·         Сагынбай манасчы №168 дарегинде жайгашкан «Ригель» ЖЧКсы;

·         Целинная № 21 дарегинде жайгашкан «Аманат Строй» ЖЧКсы.

Өндүрүштүк калдыктарды муниципалдык аймакка ташып чыгуу үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин негизинде Эркиндик бульвары, №21 дарегинде жайгашкан «СК Орион» ЖЧКсына 23 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Муниципалитеттин макулдугусуз, өз алдынча топурак казгандыгы үчүн «Капито Байтик Баатыр» ЖЧКсына карата КР укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 179-беренесинин негизинде,  17 миң сомго протокол түзүлдү.

Ушул эле берененин негизинде Безымянная көчөсү, 4/4 дарегиндеги «Фиш Ритейл Сервис» ЖЧКсына жол бетин бузуп, булгагандыгы үчүн 17 миң сомго протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, текшерүү Ахунбаев көчөсү, 48/1 дарегиндеги «Чанган» каржы компаниясына жана жеке чарбалык субъекттерге чектеш аймактарды жашылдандыруу эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.