«Манас» аэропортунда заманбап техникалар алынды

МЭА» ААКтын туунду компаниясы «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКу компаниясы электр жүк көтөргүч, электр трактор жана эки дизелдик трактор сатып алды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, баардык атайын техникалар компаниянын өздүк каражатына сатып алынды.

«Аба жүктөрүн ыкчам иштетүү жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн жаңы заманбап жабдууларды алдык. Ошондой эле, 2023-жылы компаниянын жеке каражатына VIP залда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн эки жүк ташуучу лента жана Toyota Hiace үлгүсүндөгү кичиавтобус сатылып алынды», - деди «ММК» ЖАК башкы директору Улан Барктабасов.