> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде көмүр жетиштүү таңкыстык жок
- URL: https://im.kg/koom/2024/02/20/batkiendie-komur-zhietishtuu-tankystyk-zhok/
- Published: 2024-02-20T05:26:11.000Z
- Updated: 2024-02-20T05:26:11.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 19-февралында Баткендеги көмүр сатуучу түйүндөрүндө көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

 Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек Сүлүктүнүн «БР» маркасындагы көмүрдүн ээленгени 1 тн. 8 300 – 8 700 сомдон сатылууда. Баткен шаарындагы отун базада көмүр жетиштүү көлөмдө, көмүр тартыштыгы жок.