Баткенде көмүр жетиштүү таңкыстык жок

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 19-февралында Баткендеги көмүр сатуучу түйүндөрүндө көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

 Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек Сүлүктүнүн «БР» маркасындагы көмүрдүн ээленгени 1 тн. 8 300 – 8 700 сомдон сатылууда. Баткен шаарындагы отун базада көмүр жетиштүү көлөмдө, көмүр тартыштыгы жок.