Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга консулдук кызматтар сервистик борборлор аркылуу жүргүзүлөт

Чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор (2024-жылдын 1-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин) өткөрүлөт. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Токтом чет өлкөдө консулдук кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү жана КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жок жерлерде жүргөн жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Чет өлкөдө консулдук кызматтарды алуу шарттарын жеңилдетүү максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан Россиядагы тейлөө борборлорун – жарандарды кабыл алуу, анын ичинде коштоочу кызматтардын бардык спектрлери, атап айтканда, алдын ала жазуу, жабдуу, кызматкерлердин да, келген адамдардын да коопсуздугун камсыздоо, жарандарга консультация берүүүчүн 24/7 колл-борбору, документтердин даяр болгондугу жөнүндө билдирүү үчүн жумушчу зоналарды берүү жөнүндөкызматташуу маселеси иштелип чыккан.

Баалоо маалыматтары боюнча учурда 1 млн ашык  жаран КРнын чегинен тышкары жүрөт. 2023-жылдын 5 айында 60 миңден ашык, 2022-жылы 163 миңден ашык консулдук кызмат көрсөтүлгөн.