Чүй облусунун тургундарынын жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын болду

Жер маселелери боюнча айыл тургундары менен жолугушуу Чүй облусунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жыйындар залында болуп өттү. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Буга чейин айылдын тургундары Канат Джумагазиевдин кабыл алуусунда болуп, аларга ыйгарым укуктуу өкүл маселени жеринде көрүп, чечип берүүнү убада кылган.

Тургундардын көбү бул аймактагы үйлөрүн союздун учурунда курушкан, бирок керектүү уруксат документтерин бүгүнкү күнгө чейин ала алышкан эмес.

Жолугушууга ЖКнын депутаты Аманкан Кенжебаев, мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Капар Адиев, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин филиал башчысы Жамиля Базаркулова жана Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн жетекчиси Самат Иштыбаев катышышты.

Джумагазиев жер мунапысы мамлекет башчысы үчүн артыкчылыктуу маселе экендигин баса белгилеп, чогулгандарга адистердин жардамы менен алардын тилкелери картага киргизилгендерин билдирип, тиешелүү чечимдерди кабыл алаарын айтты.

Чүй облусунда жер мунапысынын алкагында жарандардан 40 миңден ашуун арыз түшкөн. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аракети менен жер тилкелерине 19 641 чечим, ошондой эле жерге болгон жеке менчик укугу жөнүндө 15 миңден ашык мамлекеттик актылар берилген.