Чүйдө бир күндө эки бала бакча ачылды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев Маловодное жана Төрт - Көл айылдарындагы бала бакчаларынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Канат Джумагазиев Маловодныйдагы бала бакчаны ачуу аземине катышты. Ал өз сөзүндө айылдын 1971-жылы курулган бала бакчасынын имараты капиталдык оңдоону талап кылганын белгиледи. Курулушту жаңылоого Чүй облусун өнүктүрүү фонду, Сокулук райондук өнүктүрүү фонду жана демөөрчүлөр 6 миллион 758 миң сом жумшашкан.

Аталган балдар мекемесинин директорунун айтымында, учурда имаратта 90 балага ылайыкташкан 3 уктоочу бөлмө, 3 балдар ойноочу бөлмө, музыкалык бөлмө, директордун кабинети жана ашкана бар. Жылытуу системасы электр жана көмүр менен иштейт.

Андан соң Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Төрт-Көл айылына барды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Төрт-Көл айылында бул бала бакча ачылганга чейин мындай мекеме болгон эмес. Бала бакчанын курулушу 2015-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен башталып, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам токтоп калган. 2023-жылдын сентябрында курулуш кайра жанданып, объект кыска мөөнөттө ишке киргизилди.

Төрт-Көл айылындагы бала бакча 75 орунга ылайыкталып, 3 уктоочу бөлмөнү, 3 оюн бөлмөсүн, музыкалык залды, медициналык кабинетти, тарбиячылар үчүн кабинетти жана ашкананы өзүнө камтыйт. Бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 26 миллион сом бөлүнгөн.

2023-жылы Чүй облусунда жалпысынан 60 социалдык объект пайдаланууга берилген, анын ичинде 840 орундуу 7 бала бакча жана 3400 орундуу 14 мектеп бар. Ал эми 2024-жылы 78 объекттин, анын ичинде бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык мекемелердин курулуштарын аяктоо пландаштырылууда.