Бишкектин «Ош» базарында товарларга мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 21-февралында Бишкектин «Ош» базарында социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Мындан ары да бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.