Баткен шаарында азык-түлүк баалары туруктуу

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 26-февралында Баткенде соода түйүндөрүнө  социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

 Учурда баалар төмөндөгүдөй:

·      1-сорттогу буудай уну 1 кг – 34-36 сом;

·      2-сорттогоу буудай уну 1 кг – 25-28 сом;

·      Уй эти 1 кг – 530 сом;

·      Кой эти 1 кг – 600 сом;

·      Күрүч 1 кг – 120-130 сом;

·      Кум шекер 1 кг – 75-85 сом;

·      Тазаланган өсүмдүк майы 1 л – 125-160 сом;

·      Жумуртка 10 даанасы – 100-130 сом;

·      Нан азыктары 1 кг – 80-95 сом;

Андан сырткары Баткенде Сүлүктү көмүрүнүн 1 кабы 350-360 сомго чейин сатылып жатат.

Мониторинг учурунда жалпысынан жогоруда көрсөтүлгөн товарлардын баалары туруктуу жана таңкыстык жок.