2023-жылы Маданият министрлигине 7.3 млрд сом бөлүндү

2023-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаыт министрлигинин тармактарына мамлекет тарабынан кошумча колдоого 7 млрд 306 млн 745 мин 800 сом акча бөлүндү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, бул көрсөткүч акыркы 5 жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү. Ошентип каражат тармактарга төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

·      маданиятка – 2 млрд 643 млн сом;

·      билим берүүгө – 1 млрд 436 млн сом;

·      киного – 345 млн сом;

·      спортко – 1 млрд 829 млн сом;

·      маалымат тармагына – 548 млн сом;

·      жаштарга – 38 млн сом.