Бишкек менен Оштон Ташкентке түз авиакаттам ачылды

Кыргызстандын «Tez Jet» авиакомпаниясы «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алды. Бул тууралуу «Манас» ААК билдирди.

Такталгандай, Бишкек жана Ош шаарларынан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын санын көбөйдү.

Каттамдар RJ-85 жана MD-83 учактары менен Ош – Ташкент – Ош жана Бишкек – Ташкент – Бишкек багыттары боюнча аткарылат.