«Альянс Алтын» Бакай-Ата районундагы бала бакчага кошумча корпусунун куруусун колдоду

«Альянс Алтын» Бакай-Ата районунун Көк-Таш айлыныдагы бала бакчага кошумча корпусунун куруусун колдоду. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, курулушка «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунан 1 млн 146 миң сом жумшалган. Фонддун жетекчиси Батыр Качкымбаевдин айтымында, фонд тарабынан баардык эмеректер алынган. Жаңы корпус бир тайпага ылайыкташтырылган.

«Биздин келечегибиз – балдар. Наристелерибиз жакшы билим алып, билим фундаменти жакшы болуп, негизи эле айыл тургундарынын жашоо деэле айыл тургундарынын жашоо деңгээли, социалдык жактан өнүгүүшүнө өбөлгө болот деп жатабыз», - деди фонддун жетекчиси Батыр Качкымбаев.

Ошондой эле Көк-Таш айылынын жетекчилиги азыркы учурда жаңы корпус курулгандан бери айылда бала бакча боюнча муктаждык жоюлгандыгын белгиледи.

Эске салсак, «Альянс Алтын» фонду Талас облусунун билим берүү тармагындагы 100дөн ашык долбоорду колдоп, жалпы 60 млн сомго жакын каражат жумшаган.