> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлигинин «Социалдык контракты» 41.5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди
- URL: https://im.kg/koom/2024/02/28/emghiek-ministrlighinin-sotsialdyk-kontrakty-41-5-min-balanyn-zhashoosun-zhakshyrtuugha-zhardam-bierdi/
- Published: 2024-02-28T08:25:05.000Z
- Updated: 2024-02-28T08:25:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек министрлигинин «Социалдык контракты» 41.5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.**

Анын айтымында, «Социалдык контракт» программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат.

> «Кирешенин жогорулашы бүт үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртат. Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41.5 миңден ашуун 16 жашка чейинки балдар жашайт. Алардын жашоо деңгээли ата-энелеринин бизнес-долбоорлорун өнүктүрүү менен жакшы жагына өзгөрдү», - деди ал.

Жалпысынан мамлекет менен социалдык контрактка кол койгон үй – бүлө мүчөлөрү болгон 70 миңден ашуун адам бакубатчылыктын жакшырышына таасирин тийгизди. Анын ичинен 1.4 миң адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.