Кыргызстанда инновациялык технологиялар борбору түзүлөт

Кыргызстанда инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген инновациялык технологиялар борбору түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Digital Kyrgyzstan эл аралык ПЛАС-форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. 

Жапаров белгилегендей, бул борбор өкмөттүк мекеме болуп эсептелет, ал мамлекеттик субсидия жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу каржыланат. Ал ошондой эле, КРда бизнести өнүктүрүү жана жүргүзүү, ошондой эле жарандардын ыңгайлуу жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, санариптик технологияларды киргизүү жана ачык санариптик коомду түзүү боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

«Быйыл биз тарыхыбызда биринчи жолу санарип кодексин кабыл алабыз. Биз мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүүнүн жаңы этабына өтүп жаткандыгыбызды кубануу менен билдирем. Былтыр сентябрда биз унааларды онлайн каттоону ишке киргиздик. Сиз «Түндүк» мобилдик тиркемеси жана башка банктык тиркемелер аркылуу унааңызды сатууга же сатып алсаңыз болот. Кечээ эле биз юридикалык жактарды онлайн каттоону ишке киргиздик.
Сиз үйдөн чыкпастан эле юридикалык жакты түзө аласыз, кайра каттай аласыз, жоюуга болот жана каттоо Салык кызматында, Улуттук статистикалык комитетте жана Социалдык фонддо автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен биздин банктарды бул долбоорго катышууга чакырат элем, каттоо учурунда дароо банк эсебин ачууга болот», - деди ал.