> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Каракол» эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2024/03/04/karakol-el-aralyk-aeroportunun-kurulushu-80-gha-aiaktady/
- Published: 2024-03-04T06:29:19.000Z
- Updated: 2024-03-04T06:29:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**«МАМ» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун абалы жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, Караколдун жаңы аэропортунун курулушу графикке ылайык жүрүп, аяктоо алдында турат, иштер 80%га бүткөрүлгөн. Аба ырайы жакшырса, учуп-конуу тилкесинде курулуш иштери кайра жанданат, учурда ал убактылуу токтотулган.

«Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин 3 750 метрге чейин кеңейтүү заманбап авиацияда кеңири колдонулган Airbus A320, Airbus A321, Boeing 737 сыяктуу учактарды кабыл алууну камсыз кылуу максатын көздөйт. 

Курулуш иштери аяктагандан кийин Каракол аэропорту саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлей алат. Деңиз деңгээлинен 1 704 метр бийиктикте жайгашкан аэропорттун учуу тилкеси заманбап стандарттарга жооп берет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/photo1709447253--3-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/photo1709447253.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/photo1709447431.jpeg)