«Каракол» эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктады

«МАМ» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун абалы жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Караколдун жаңы аэропортунун курулушу графикке ылайык жүрүп, аяктоо алдында турат, иштер 80%га бүткөрүлгөн. Аба ырайы жакшырса, учуп-конуу тилкесинде курулуш иштери кайра жанданат, учурда ал убактылуу токтотулган.

«Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин 3 750 метрге чейин кеңейтүү заманбап авиацияда кеңири колдонулган Airbus A320, Airbus A321, Boeing 737 сыяктуу учактарды кабыл алууну камсыз кылуу максатын көздөйт. 

Курулуш иштери аяктагандан кийин Каракол аэропорту саатына 200-250 жүргүнчүнү тейлей алат. Деңиз деңгээлинен 1 704 метр бийиктикте жайгашкан аэропорттун учуу тилкеси заманбап стандарттарга жооп берет.