Өзгөндө дээрлик 500 млн сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө дээрлик 500 млн сомдук 5 гектар базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Аталган объекттинин базар баасы 470 млн сомду түзөт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.