Кыргызстандыктар март айында кайсы күндөрү эс алышат

Эл аралык аялдар күнүнө карата кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-март (жума), эл аралык аялдар күнү, эс алуу күнү. Ошентип, кыргызстандыктар үч күн катары менен — 8-марттан 10-мартка чейин эс ала алышат.

Мындан тышкары, жарандардын узак дем алыш күндөрү 21-марттан 24-мартка чейин күтүлөт. 21-мартта белгиленүүчү Нооруз майрамы быйыл бейшембиге туура келет. Буга байланыштуу минкаб 22-мартты (Жума) Дем алыш күн деп жарыялаган.

Кыргызстандыктар 22-марттын ордуна 8-апрелде иштешет.