Акыркы үч жылдын ичинде ӨКМге 200 ашык атайын техника тапшырылды

Акыркы үч жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык базасы жаңыртылып, жаңы техникалар менен толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

ӨКМдин потенциалын жогорулатуу максатында эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу республикалык бюджеттен материалдык-техникалык база объекттери сатылып алынды. Airbus H125 жана Airbus H145 тик учактары сатылып алынып, ангар жана күйүүчү май куюучу комплекс курууга жана аларды камсыздандырууга 1.1 млрд сомдон ашык акча каражаты сарпталды.

Мындан тышкары, республикалык бюджеттен 372.4 млн сом каралып, SAZ NP 26 автобусу, 6х4 Sinotruk Ноwo үлгүсүндөгү самосвал, Hyundai экскаватор, JAC T8 жүк ташуучу унаа, кийизден жасалган палаткалар жана башка издөө-куткаруу иштерине керектүү жабдыктар сатылып алынган. Белгилдей кетсек алгачкы жолу Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

3 жыл аралыгында дарыя жээктерин бекемдөө жана калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында 1.5 млрд сомго жакын каражат бөлүнүп, натыйжада республиканын аймактарында 17309,5 метр дарыялардын жээктери корголгон, 26 көпүрө курулуп, 5684 метр коргоочу дамба курулган.

Мамлекеттик инвестициянын эсебинен ӨКМге 198 өрт өчүрүүчү унаа, 85 атайын инженердик техника жана 38 ар түркүн автотранспорттон турган 2 көчмө оорукана алынды.