> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2024/03/06/bishkiektie-daghy-bir-tiez-zhardam-oorukanasy-tuzulot/
- Published: 2024-03-06T07:55:14.000Z
- Updated: 2024-03-06T07:55:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылдын 5-мартында cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болуп, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды. Бул тууралуу министрлик билдирди.**

Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. 

Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй ооруканасынын статусун «Облустук» статусунан «№2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына» өзгөртүү чечимин кабыл алды.