Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт

2024-жылдын 5-мартында cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болуп, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат.

Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй ооруканасынын статусун «Облустук» статусунан «№2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына» өзгөртүү чечимин кабыл алды.