> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө дагы бир социалдык дарыкана ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2024/03/06/ysyk-koldo-daghy-bir-sotsialdyk-darykana-achyldy/
- Published: 2024-03-06T04:56:40.000Z
- Updated: 2024-03-06T04:56:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**5-мартта Караколдо жайгашкан Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда «Эл Аман» социалдык аптекасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.**

Ачылыш аземге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнур Султанбаева, Караколдун мэриясынын жана облустук саламаттыкты сактоо институттарынын өкүлдөрү катышты. Бул дарыкананын ачылышы менен коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык «Эл Аман» дарыканалары Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында, Түп айылында жана Каракол шаарында иштеп калка кызмат кылып келүүдө.