Бүгүн Салык кызматынын лотереясынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат

Бүгүн, 7-мартта саат 15.30да, Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө 9 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо тапшырылат. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтөт.