Кеминде 292 млн сомдук суткалык жөнгө салуу бассейндери мамлекетке кайтарылды

Кемин районунун прокуратурасы тарабынан жалпы баасы 291 млн 856 миң сомду түзгөн өзгөчө ирригациялык мааниге ээ суткалык жөнгө салуу бассейндери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратуранын текшерүүсү менен Кемин районунун Кара-Булак айыл аймагында укук аныктоочу, укук тастыктоочу документтери жок, эч жерде катталбаган, ошондой эле азыркы маалда кароосуз, каржылануусуз жана тейленүүсүз калган, ошол эле маалда айыл чарба, ирригация иштерине зарылчылыгы курч турган, бирок тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигине суу менен жабдууда, канализация курулуштары менен коммуникацияларынын тармактарын тейлөөдө жана инфраструктура объекттерин суу менен камсыз кылуу маселелерин чечүүдө функциялары оз багытында иштетилбей келген «Аксарай» жана «Бейшеке» суткалык жөнгө салуу бассейндери аныкталды.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы нарктык баасы 291.8 млн сомду түзгөн суткалык жөнгө салуу бассейндери толугу менен мамлекеттик менчикке алынды.