Ноокенде токой фондунун жери мыйзамсыз жеке менчикке берилгени аныкталды

Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ноокен филиалында текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүдө, Жер ресурстар кызматынын Ноокен филиалынын жооптуу кызмат адамдары токой фондун мамлекеттин гана менчигинде болгондугуна карабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайда көрүү максатында Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу мамлекеттик токой фондунун 0.15 га жер тилкесин К.К. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүшүп, ага менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысын даярдап беришкендиги аныкталган.

Натыйжада, жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 2 млн 63 миң 35 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Ноокен РИИБнө тапшырылды.