Сузакта керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча семинар өткөрүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында 2024-жылдын 18-март күнү мониторинг жүргүзүлдү.

Мониторинг учурунда Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан керектөөчүлөр үчүн акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн баасы (тариф) жөнүндө маалыматтар жана мекеменин аталышы, иштөө мөөнөттөрү керектөөчүлөргө көрүнө турган жерге илинип тургандыгы аныкталды. Ошондой эле жарандардан арыз, кайрылууларды кабыл алуу терезеси ачылган.

Облустук бөлүмдүн кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктары, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн милдеттери жана жоопкерчиликтери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, окуу семинарын өткөрүштү.