> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө  1.2 миң жыгач мамылар темир бетон мамыларга алмашат
- URL: https://im.kg/koom/2024/03/18/ysyk-koldo-1-2-min-zhyghach-mamylar-tiemir-bieton-mamylargha-almashat/
- Published: 2024-03-18T09:56:38.000Z
- Updated: 2024-03-18T09:56:37.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филилалы - Ысык-Көл электр тармактар ишканасында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери башталды.**

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

Бардыгы болуп 2024-жылга 323 трансформатордук көмөкчордондорду, 445 чакырым 0,4/10 кВ жана 90,3 чакырым 35/11кВ аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле 58 көмөкчордондун 451 электр жабдуулары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Чолпон-Ата, Ой-тал, Ананьево көмөкчордондорунда өчүргүчтөр алмаштырылат.

Мындан тышкары кошумча 12 трансформаторду орнотуу жана 51,4 чакырым эски алюминий зымдарын СИП зымдарына алмаштыруу пландалууда. Ошондой эле 1200 даана эски жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат.

Ушул тапта Ысык-Көл облусунун ар бир районунда күз-кыш мезгилине даярдыктар башталды. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу, абоненттерди электр энергиясынын убактылуу пландуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында https://ipes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат.