Калкты тейлөө борборунда мониторинг жүргүзүлдү

Мамлекеттик жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 18-март күнү «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Негизинен төмөнкү багыттарды камтыды:

o   Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;

o   Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу;