Ошто жарнамалар боюнча мониторинг жүргүзүлдү

2024-жылдын 15-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ошто «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамдардын талаптарына жооп бербеген ээлерине бир катар эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө 21 обьект камтылды (сулуулук салону, авиакасса, кафе, дүкөн ж.б.).

Ошондой эле буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген эскилиги жеткен жарнамалар алынды.

Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын башка аймактарында уланат.