65.1 миң кыргызстандык жумушсуз статусуна ээ болгон

Кыргызстанда жумушсуз катары 65.1 миң адам жумушсуз катары катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комиттети билдирди.

Такталгандай, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, жумуш менен камсыздоо мамлекеттик органдарында жумуш издеген жаран катары каттоодо тургандардын саны 2024-жылдын 1-мартына карата 87.9 миң адамды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8.6%га аз, анын ичинен жумушсуз катары катталган адамдардын саны 65.1, же 12%га аз.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44.3%ын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2.4%ды түзөт.