> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров 10 күндүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды
- URL: https://im.kg/koom/2024/03/26/akylbiek-zhaparov-10-kundun-olkodoghu-bardyk-kozomol-otkoruu-punkttarynyn-ailanasynda-tartipti-ornotuunu-tapshyrdy/
- Published: 2024-03-26T04:04:33.000Z
- Updated: 2024-03-26T04:04:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер rабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Такталгандай, тиешелүү тапшырмаларды ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди.

Минкаб төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жерлерди көрүп жатып, иштебей турган күркөлөрдү жана имараттарды демонтаждоо, айлананын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.