Кара-Суу РЭТине 8 даана жаңы трансформатор орнотулат

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинде 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү максатында ремонттук иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Стант айылында ТП-1012 трансфоматор утурумдук оңдоодон өткөрүлүүдө. Жыл сайын өткөрүлүүчү утурумдук, капиталдык ремонт иштери быйыл дагы жасалып жатат.

Быйылкы жылга карата пландын негизинде бир топ жумуштар аткарылмакчы. Тактап айтканда, 8 даана жаңы трансформатор орнотулат, ВЛ-10 кВ аба чубалгылары 3,1 км тартылып, ВЛ-6-10кВ аба чубалгылары 4 км жана ВЛ-0,4кВ аба чубалгылары 1,8 км реконструкциядан өткөрүлөт. Жалпысынан 215 даана жаңы электр мамычалары орнотулат.

Мындан тышкары, КТП-791 даана, ВЛ-10кВ 455 км, ВЛ-0,4- 556 км аба чубалгылары техникалык кароодон өткөрүлүп, КТП-124 даана, ВЛ-10кВ- 60,73 км оңдоп түзөө жасалат.

”Кыштын камын жазда көр”-демекчи, энергетиктердин азыркы бул аракеттери кышында жана баардык мезгилде элди үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөйт.