Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап жабдуулар тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн сатып алынган заманбап жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Борборго эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы премиум класстагы «Азурион 7» ангиографиялык аппараты орнотулду. Жалпы суммасы 1.5 млн долларды түзгөн бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу аркылуу ишке ашырылды. 

Белгилей кетсек, Улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана сапатын жогорулатуу максатында «Тез жардам кардиология» программасынын алкагында ишке ашырылды. 

Ошондой эле, Кытайдын, Россиянын жана Казакстандын алдыңкы дарыгерлери КРна келген, алар жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган жарандарга уникалдуу операцияларды жасаары пландалууда.  

«Президенттин атынан жана жалпы министрлер кабинетинин атынан сиздерди жаңы техникалуу болушуңуздар менен куттуктайм. Мамлекет кардиологиялык кызматтын өнүгүшүн ар тараптан колдоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Кыргызстандын калкынын саламаттыгы биздин байлыгыбыз»,- деди Акылбек Жапаров.