Энергетиктер бишкектиктерди электр энергиясына төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат

28-марттан тарта «КУЭТ» ААКтын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасы 6,2 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Учурда турмуш-тиричилик жана өндурүш абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек электр тармактар ишканасынын расмий сайтында www.bipes.nesk.kg “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен биздин бардык абоненттерибиз каалаган учурунда өздүк эсебинин абалын текшере алышат. Мындан сырткары, биздин турмуш-тиричилик абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат. Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан Колл-борборуна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүӊүздүн дебитордук карызыӊызды сурап билип алсаӊыздар болот.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Бишкек ЭТИ төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, "UMAI", «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», « КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр,  төлөм тууралуу билдирме Бишкек ЭТИнин маалымат базасына ошол замат түшөт.