Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды

Депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүрдөгү «Кристалл» заводуна барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Таш-Көмүрдө жайгашкан кремний өндүрүүчү "Кристалл" заводу 1991-жылы курулуп, мамлекеттик акционердик коому статусуна ээ болгон. Долбоордун жалпы кубаттуулугу жылына - 660 тонна кремний жана 16 миң тонна трихлорсилан өндүрүү пландоо болгон.

«Бүгүнкү күндө «Кристалл» заводунун кампасында 80 тоннадай трихлорсилан уулуу заты сакталып турган атайын идиштер жараксыз болуп, акырындап иштен чыгып жатканына күбө болдум. Ошондуктан тез арада трихлорсилан уулуу затын утилдештирүү маселесин талкууладык»,- деди Кундузбек Сулайманов.

Депутат бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, аны чечүү жагдайы өз көзөмөлүндө болорун белгиледи.